• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

15-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Эртең, 15-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Талас облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Эртең борбор калаабыз Бишкекте15-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий