• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

15-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Эртең, 15-ноябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз 7…9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий