• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

150 миллион еврого бааланган Рембрандттын сүрөтү Өзбекстанга кайтарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. 13-мартта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы белгилүү голландиялык сүрөтчү Рембрандт Ван Рейндин чыгармасын Маданият министрлигине өткөрүп берди. Көзөмөл орган буга чейин сүрөт өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткенин айткан.

Маалыматтарга караганда, 2008-жылы 28-августта Ташкент шаарынын жашоочусу Андрей Плужников сүрөтчү Рембрандт Ван Рейндин автордук ишин таанышына 50 миң долларга сатып жиберген. Ал сүрөттү өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен.

2014-2018-жылдары кылмыш иши бир нече жолу токтотулган. Кийин тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 2018-жылы бул кылмыш ишинин бети ачылып, Рембрандттын автордук иши табылган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Комил Юлдашев менен Андрей Плужников күнөөлүү деп табылып, ал эми картина мамлекетке кайтарылган. Прокуратуранын билдирүүсүндө аларга кандай жаза берилгени айтылбайт.

Өзбекстандын Маданият министрлиги сүрөттү 8-15 миллион еврого чейин баалаган. Европанын аукциондук соодаларында анын баасы 150 миллион еврого чейин жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий