• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

1500 доллар жана iPhone-6: Ошто каракчылыкка шектелген жаш улан-кыздар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Ош шаарында каракчылыкка шектелген жаш улан-кыздар кармалды, - деп билдирет Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында Ош шаарынын А.Масалиев кѳчѳсүндѳгү көп кабаттуу үйлѳрдүн биринде карактоо болгон. Белгисиз бирөөлөр 21 жаштагы кыздын үйүнө кирип, аны бычак менен коркутуп 1500 доллар, 13000 сом акчасын, “Айфон 6” үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кетишкен.

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергѳѳ тобу барган. Аталган факты кылмыштарды каттоо китебинде “каракчылык” катары катталып, КРнын Кылмыш кодексинин168-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш аракеттердин натыйжасында 23нөн 24-декабрга караган түнү аталган кылмышка шектелип, Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 тургуну – 2 улан, 3 кыз кармалган. Алардын арасында жашы 18ге толо электер дагы бар. Кармалгандардан жабырлануучунун үйүнѳн жоголгон айрым далил буюмдар алынган.

Учурда тергѳѳ иштери жүрүүдө. Кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Пикир

Оставить комментарий