• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

15нен 19-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15нен 19-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 15-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-19-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

20-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 20-сентябрда күндүз жана 21-сентябрда тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Талас, Лейлек,Базар-Коргон,Аксы, Токтогул, Жети-Огуз жана Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар,калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий