• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

15тен ашуун мамлекет каттоодон өттү. Ысык-Көлдө эл аралык спорт фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда "Кыргызстан бермети" аталышындагы эл аралык спорт фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Фестивалда спорттун 30 түрүнөн мелдештер өтүп, 15-июндан 3-июлга чейин уланат. Учурда 15ке жакын мамлекет каттоодон өтүп, катышууга макулдугун берген.

Мелдеш төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча өтөт: Көркөм гимнастика, UWW грепплинг, кичи футбол, дзюдо, алыш күрөш, армрестлинг, эркин жана грек-рим күрөшү, спорттук самбо, пауэрлифтинг, ушу саньда, бирманский бокс, Ордо, казак күрөшү, пенчак силат, кикбоксинг, 10 чакырымга чуркоо марафону, кармаш күрөшү, таэквондо ИТФ, GAMMA MMA жана STRIKING, жаа атуу, таэквондо ГТФ, NOMAD MMA, масрестлинг жана кум үстүндөгү волейбол.

Пикир

Оставить комментарий