• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Добуш берүү эч кандай чатаксыз өтүп жатат - байкоочу

Шайлоо 2017 0

Бишкек,15.10.17. /Мирлан Киизбаев, Антон Кубицкий – Кабар/. Добуш берүү эч кандай чатаксыз өтүп жатат. Бул тууралуу шайлоого байкоо салуу боюнча коомдук борбордун өкүлү Латипа Жуманалиева билдирди.

Анын айтымы боюнча, шайлоочулардын келүүсү жакшы деп бааланып, жарандар добуш берүүгө активдүү катышып жатышат. Ошондой эле, элдин маанайы да жакшы.

Ал эми шайлоону уюштуруу жагы боюнча уюмдун өкүлдөрү билдиришкендей, шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү шайлоочуларга жакшы көңүл буруп, добуш берүүгө биринчи ирээт катышып жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, тейлөөчү операторлор шайлоого биринчи жолу катышып жаткандарды грамоталар менен сыйлашты. Мындай көңүл буруу добуш берген жарандарга дем-күч берет.

Эске сала кетсек, бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Учурдагы мамлекет башчы Конституцияга ылайык үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ээлеген кызматынан кетет. Шайлоодо 11 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий