• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

16-20-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. 16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

16-февралда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-февралда жана 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 20-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күртүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-февралдарда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий