• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

16-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Эртең, 16-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. "Кыргызгидромет" борбору маалымдагандай, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18, Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20, Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20 градуска чейин жылуу болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 10…12 градус, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий