• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

16-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-декабрдан 16-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-16 декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-декабрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-16-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-декабрда күндүз жана 16-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-декабрда жана 13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-декабрда күндүз, 14-15-декабрларда жана 16-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

12-декабрда жана 13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-декабрда күндүз кар жаашы мүмкүн.

14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-декабрда Чолпон-Ата шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

16-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-13-декабрларда жана 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-16-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий