• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

16-декабрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.12.17. /Кабар/. Эртең, 16-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда -6...-11, күндүз 0...-5;

Талас облусунда -9...-14, күндүз -4...+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында -2...-7, күндүз -1...+4;

Ысык-Көл облусунда -5...-10, күндүз 1...6;

Нарын облусунда -16...-21, күндүз -1...-6;

Ал эми Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8°, күндүз -3…-5°.

Пикир

Оставить комментарий