• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

16-январга чейин Кыргызстанда кандай аба ырайы болот? — Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 10-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-январда күндүз жана 11-январда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

12-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-январда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 13-14-январь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 14-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-январда кундүз жана 13-14-яннварларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-январь күндөрү болсо өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат, кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий