• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

16-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Эртең, 16-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы ыктымал, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6 градус суук болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 0…-5, күндүз -4…+1 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1 градус жылуу болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус, күндүз -1…-3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий