• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

16-июнь. Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус жуктурган 100 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, Бишкек шаарында 57 учур, Чүй облусунда − 11, Ош шаарында − 11, Ош облусунда − 6, Ысык-Көл облусунда − 2 жана Жалал-Абад облусунда −1, Нарын облусунда – 9 жана Таласта 3 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус жуктурган 100 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2472ни түзөт. Алардын ичинен 1847 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 28 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий