• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын 16-майына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 14-16-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бүгүн, 15-майда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий