• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

16-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.05.18./Кабар/. Эртең, 16-майда КРдин көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы;

Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 21...23 болот.

Пикир

Оставить комментарий