• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

16-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Эртең, 16-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт.

Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6…11, Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 5…10 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эртең абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус жылуу болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 9…11 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий