• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

16-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз -1…+4, Таласта 0…5, Ысык-Көл облусунда күндүз 2...7, Нарында 1…6 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 3…8 градуска жетет.

​Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы күндүз 0…2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий