• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

16-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз 6…8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий