• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

16-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5,

Талас облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4 градус суук болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий