• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

16-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-октябрда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөрүн кабарлады. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Кар күрткүсү болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 2...7,

Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 6....11,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11 градус,

Бүгүн борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүз 13 градус болот..

Пикир

Оставить комментарий