• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

16 жашка чейинки балдарга паспорт берүүнүн жаңы тартиби каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.04.19 /Кабар/. Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет "Тышкы миграция жөнүндөгү" мыйзамдын өзгөртүүлөрүн карады. Бул багытта Юстиция министри Марат Джаманкулов менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикова маалымат беришти.

– Бул мыйзамдын долбоору президент С.Жээнбековдун 2018-жылдын 10-апрелиндеги Түркиядагы кыргыз диаспоранын активи менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан. Аталган пландын 2-пунктуна ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматына, Ички иштер министрлигине жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жашы жете элек жарандарынын жалпы жарандык паспортторунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу маселесин кароо тапшырылган, - дейт Юстиция министри Марат Джаманкулов.

Ошондой эле ал иштелип чыккан бирдиктүү позициянын жыйынтыгы боюнча, мыйзам долбоору менен 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту туулгандан тартып бир жашка чыкканга чейин – эки жылдык мөөнөткө; ал эми бир жаштан тартып он алты жашка чыкканга чейин – беш жылдык мөөнөткө бериле тургандыгын билдирди.

Балага туулгандан тартып бир жашка чыкканга чейин жалпы жарандык паспортту тариздөө мөөнөтүн белгилөө балдар туулгандан тартып физиологиялык мүнөздөмөлөргө карата чоң өзгөрүүлөргө дуушар болору менен шартталган. Ошондой эле ушул түзөтүүлөр КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинен Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбаларында колдонуулары да белгилүү болду.

Ушул түзөтүүлөр Кыргыз мамлекеттик чек арасынан өтүүдө идентификациялоо жол - жоболорун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Талкуу жыйынтыгында “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда тармактык комитеттин жактыруусуна ээ болду. Ушул эле корутундунун көчүрмөсү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот - укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке да жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий