• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

160 миң окуучу катышкан “Урааным Манас” республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр

Маданият 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. “Урааным Манас” республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу “Манас” театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор 1-майда башталып, 15 күн аралыгында өлкө боюнча 160 миң окуучу катышты.

Иш-чаранын максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттуулукка тарбиялоо, “Манас” эпосун жайылтуу жана президенттин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгында баш байге Кадамжай районуна ыйгарылса, 1-орун Бишкек шаарынын Ленин районуна берилди. Ал эми 2-орунга Ак-Суу жана Тогуз-Торо райондору, 3-орунга Ноокен, Алай, Нарын райондору татыды.

Мындан тышкары, атайын сыйлык менен Лейлек, Сокулук району жана Талас шаары сыйланды.

Театрдан белгилешкендей, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 15-июнда Кыргыз улуттук тарых музейинде өтмөкчү.

Белгилей кетсек, “Урааным Манас” кароо-сынагы жыл сайын салт катары уланат.

Пикир

Оставить комментарий