• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 1682 мектепке "Математикалык сандыкчалар" тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-февралда Кыргызстанда 1682 мамлекеттик мектепке "Математикалык сандыкчалар" тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тапшыруу аземине билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов жана USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс катышып, 3 миң 372 окуу методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” тапшырышты.

Өз сөзүндө министр Уланбек Мамбетакунов “Математикалык сандыкчалар” башталгыч класстардын мугалимдери үчүн окуучулардын математикалык көндүмдөрүн калыптандырууда чоң көмөк болорун билдирди.

USAIDдин өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс белгилегендей, математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыккан. "Биз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз”, - деди ал.

USAIDдин “Окуу Керемет!” долбоорунун алкагында иштелип чыккан “Математикалык сандыкчалар” түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдер, алардын көлөмдүү геометриялык фигуралар, сааттар, эсеп таякчалары, палеткалар жана башкалар менен жабдылган. Сандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана көрүүгө” берүүгө, символдордун, арифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий