• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17:00гө карата 40,12% шайлоочу добуш берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 17:00гө карата республика боюнча Кыргызстандын президентин шайлоодо 40,12% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтуусу боюнча, активдүү добуш берүү Бишкекте байкалат, анда 192 миң 223 адам өз добуштарын беришкен.

“Ошто 84 миң 133 (52,8%), Жалал-Абад облусунда – 199 миң 028 адам (36,47%), Ысык-Көл облусунда – 105 миң 188 (40,59%), Нарын облусу боюнча – 67 миң 913 (41,95%), Ош облусу – 229 миң 519 (38,94%), Талас облусунда – 59 миң 568 (45,75%), Чүй облусунда – 181 миң 862 (37,04%), Баткен облусунда – 90 миң 975 (37,33%). Чет жерде 3 миң 394 (18,27%) жаран добуш берген”, - деди ал.

Кийинки жыйынтык шайлоо токтогондон кийин берилет.

Пикир

Оставить комментарий