• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-21-декабрга карата өлкө аймагында аба ырайы кандай болот?

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. 17-декабрда жана 18-декабрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

18-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 19-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

20-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 20-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал.

21-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий