• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

17-21-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Өлкө аймагында 17-июль түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү күндүз жана 18-21-июлдарда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 17-19-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий