• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

17-21-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. 17-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

18-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

19-20-октябрларда жана 21-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-октябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий