• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

17-23-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. 17-январда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордобир аз кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзжаан-чачын кутулбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

18-январда жана 19-январда тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-январда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

20-январда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда күндүз жана 21-январда Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ал эми 22-23-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий