• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

17-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-17-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

13-апрелде түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-апрелде эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 16-апрелде күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

13-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-апрелде эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-15-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 13-14-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-апрелде күндүз жана 14-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Нарын облусу

13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-апрелдерде жана 16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 13-14-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы күтүлөт. 14-15-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 16-17-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-апрелдерде 14 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий