• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Эртең, 17-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашц мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте эртең түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Б. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 16...18 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий