• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

17-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Эртең, 17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33;

Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;

Ош, Жалал-Абад облустарында 15...20, күндүз 29...34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29.

Эртең Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий