• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

17-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-декабрдан 17-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

14-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

14-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-декабрда күндүз жана 16-17 декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

13-декабрда күндүз жана 14-15-декабрларда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

16-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

13-декабрда жана 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз Чолпон-Ата шаарында кар жаашы мүмкүн, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

15-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

16-декабрда бир аз кар жаашы мүмкүн.

17-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-декабрда жана 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-декабрда күндүз жана 15-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-декабрда күндүз жана 16-17-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий