• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-февралдан 17-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

13-17-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

14-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-февралда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-17-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

13-17-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн бир аз жаан жаашы күтүлөт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

13-17-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

14-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 14-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

15-17-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

13-17-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-17-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-15-февралдарда Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

13-17-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда түнкүсүн кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

15-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий