• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Кабар/. Эртең, 17-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаап, туман түшөт. Жолдорго муз тоңот,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6;

Талас облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -5...-10;

Бишкекте бир аз кар жаап, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз -2...-4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий