• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.02.20. /Кабар/. Эртең, 17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-февралда күндүз жана 18-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6, Талас облусунда -5...-10, күндүз +1...+6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3, Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9 градус болушу ыктымал.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9, күндүз 4...6 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий