• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-январдан 17-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-январда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-январда жана 14-январда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

14-январда күндүз жана 15-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-январда түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-январда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

15-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

13-января жана 14-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

14-январда күндүз жана 15-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-январда эртең менен жана 14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.14-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-14-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий