• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-июлда Коопсуздук кеңешинин отуруму өткөрүлөт

Президент 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлөт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Отурумда төмөндөгү маселелер каралат:

- Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

- Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

-Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин Тизмесине сунуштамалар тууралуу.

Пикир

Оставить комментарий