• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

17-мартка чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? — Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 13-мартта түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-мартта күндүн экинчи жарымында жана 14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

15-мартта болсо түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 16-17-март күндөрү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий