• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

17-мартка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкө аймагында 13-марттан 17-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 18-19-март күндөрү жаан жаабайт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында 13нөн 15-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ош шаарында да жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий