• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

17-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Эртең, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 9…14;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 9...14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Эртең, Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүзү 10…12 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий