• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

17-марттан бери кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстанга 5 миң 183 адам кирген

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. 17-марттан бери кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстанга 5 миң 183 адам киргенин республикалык штабдан кабарлашты.

Өзбекстан тарабынын кыргыз-өзбек чек арасында жөө жүргүнчүлөргө жана транспорттук каражаттарга чектөө койгондон бери, тактап айтканда 17-марттан 19-марттын 18:00гө чейин Кыргызстанга 5 миң 183 адам кирген. Алардын 1 миң 917си кыргыз жараны, 3 миң 189у өзбек жарандары болгон.

Ал эми Кыргызстандан 6 миң 795 жаран чыккан. Алардын 866сы кыргыз жараны, 5 миң 919у өзбек жараны болгон. Калгандары үчүнчү өлкөнүн жарандары.

“Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча өткөрүү пункттарында эпидемиологиялык абалы начар болгон өлкөлөрдөн келген жарандар катуу көзөмөлгө алынат. Бардык өткөрүү пункттарында дезинфекциялык тоскоолдуктар орнотулган жана транспорт каражаттары дезинфекцияланат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.

Пикир

Оставить комментарий