• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

17-ноябрга чейин өлкөдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 10.11.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, эртең, 11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

11-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-13-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий