• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

17-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-октябрдан 17-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-17-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-17-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

14-октябрда күндүз жана 15-17-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-октябрда жана 14-17-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

13-октябрда түнкүсүн Чолпон-Ата шаарында бир аз жаан жаашы мүмкүн, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

13-октябрда күндүз жана 14-17-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-17-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий