• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

17-сентябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 13-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундасына ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.

14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-16-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы кутүлөт.

17-сентябрда болсо түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-сентябрда күндүз тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-17-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

18-сентябрда түнкүсүн тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 18-сентябрда күндүз жана 19-сентябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий