• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

17-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-сентябрда күндүз жана14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда күндүз, 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

15-сентябрда күндүз жана 16-17-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда жана 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-сентябрда күндүз жана 15-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда күндүз, 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

16-17-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-сентябрда күндүз жана 15-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-сентябрда күндүз, 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий