• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

18-22-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. 18-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

18-декабрда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

19-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 19-20-декабрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

21-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-декабрда күндүз жана 22-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. 21-декабрда күндүз жана 22-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий