• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

18-22-февралда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 22-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 18-февралда жана 19-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

19-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзЧүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 22-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,

Пикир

Оставить комментарий