• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

18-22-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 18-19-январларда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

18-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.

20-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарында жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

21-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.

21-январда күндүз жана 22-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 22-январда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий