• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

18-22-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. / Кабар/. Кыргызгидромет борбору 18-22-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-мартта эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-мартта Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 20-мартта күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-мартта түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

22-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий